Ысык- Ата районунун Кеңеш айылына барчу жолдун 3 чакырымы асфальтталат

Аймак Загрузка... 19 Март 2025 17:10
263871555065565_big.jpg
copyright icon www

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Ысык- Ата районундагы Кеңеш-Обходной авто жолунун 2-3 чакырымдар аралыгында эски асфальты сүрүп, жол негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, ушул жылдын курулуш мезгилинде Капиталдык салымдар беренесинен Кеңеш айылына барчу 5 чакырым жолдун 3 чакырымына 3 чакырымына асфальт тɵшɵɵ пландалууда. Ал эми калган 2 чакырымы буга чейин асфальтталган.

Оңдоо иштери пландалган график боюнча жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө көңүл бурулууда.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери №34 Жол тейлɵɵ ишканасынын филиалы тарабынан аткарылууда.