Ыштан арылуу. Үйлөрдүн чатырына күн панелдерин орнотуу сунушталды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 22 Январь 2026 14:57
batarei_v_zagorodno.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Энергетика министрлигине ыштын деңгээлин төмөндөтүү максатында жеке үйлөргө күн батареяларын орнотууну сунуштады.

Анын айтымында, мындай чаралар буга чейинки көрүлгөн кадамдарга караганда көбүрөөк натыйжа бериши мүмкүн.

"Жакында эле ыш менен күрөшүүгө 50 млн доллар насыя алдык, бирок жыйынтык жок. Эгер бул каражатка кубаттуулугу 5 кВт болгон күн панелдери орнотулса, 10 миңге жакын үй кошумча чыгымсыз электр энергиясы менен камсыз болмок", — деди депутат.

Буга жооп катары энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбаев бул багытта иштер жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн 1000 айылында жалпы кубаттуулугу 1 миң МВт болгон күн станцияларын орнотуу боюнча долбоор ишке ашырылууда.

"Элдик Банк" менен биргеликте каржылоо механизмдери каралып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакын арада пилоттук долбоорду ишке киргизүү жана тиешелүү меморандумга кол коюу пландалууда", — деди ал.

Өз кезегинде Маматалиев пилоттук долбоорду Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн баштоону сунуштады.