"Ынтымак Ордодо" Кыргызстан менен Беларусь өкмөт башчылары жолугушту

Саясат Загрузка... 05 Июнь 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" Кыргызстан менен Беларусь өкмөт башчылары Адылбек Касымалиев менен Александр Турчиндин жолугушуусу өтүүдө.

Алар учурда кеңейтилген жыйындын алкагында эки өлкөнүн көп жылдык алакаларын, анын ичинде экономикалык, соода-сатык, логистикалык, инвестициялык жана айыл чарбасындагы кызматташтыгын талкуулашууда.

Турчин өз сөзүндө Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык жетишкендиктерин өзгөчө белгилеп өттү.

“Биз Кыргызстандын экономикасында болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдү жана жетишкендиктерди көрүп турабыз. Бул ийгиликтер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошондуктан кызматташтыгыбызды мындан ары дагы жаңы баскычта өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,- деди ал.

Ошондой эле ал Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес өкүлү болуп шайланышы менен куттуктап, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Алдыда эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Буга чейин күн мурун Турчин Бишкектеги таштанды заводунун иши менен таанышууга барган. Ал эми бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан кыргыз-беларусь бизнес-форумунун ачылышына катышып келди.

Бүгүн Беларусь премьер-министри өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолугушат.

Белгилей кетсек, аталган өлкөнүн премьер-министри күн мурун Кыргызстанга келген. Аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алган.