Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Казакстандын аймактар аралык кызматташтыгынын “Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү аймактардын ролу” аталган экинчи форумунун алкагында аймактар аралык, мекемелер аралык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 14 документке кол коюлду.
Белгилей кетсек, аталган форум Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун тең төрагалыгы алдында өттү.
Мында аймактар аралык кызматташтык боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Казакстан Республикасынын Чыгыш Казакстан облусунун акимдиги менен Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум.
- Казакстан Республикасынын Акмола облусундагы Щучинск–Бурабай курорттук аймагы менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл көлүнүн курорттук аймагынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Кызылорда облусунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Жетисуу облусунун акимдигинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум.
- Бишкек шаарынын мэриясы менен Алматы шаарынын акимдигинин ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө 1997-жылдын 12-декабрындагы макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планы.
- Түркстан шаары менен Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандум.
Андан тышкары, саламаттык сактоо жаатында Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өлкөлөр аралык сатып алуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Ал эми ишкердик кызматташтык боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
- “Добрые Традиции” компаниясы (Казакстан) менен “Прод Импекс”ЖЧКсынын (Кыргызстан) ортосунда консерваланган продукцияны жеткирүү боюнча контракт.
- “Алайку Органикс” ЖЧКсы (Кыргызстан) менен “Добрые Традиции” ЖЧКсынын (Казакстан) ортосунда улуттук суусундуктарды жеткирүү боюнча дистрибьютордук макулдашуу.
- “Алайку Органикс” ЖЧКсы (Кыргызстан) менен “Satu company” ЖЧКсынын (Казакстан) ортосунда улуттук суусундуктарды жеткирүү боюнча дистрибьютордук макулдашуу.
- “Астана Моторс” компаниясы (Казакстан) менен “Траст Технолоджис” ЖЧКсынын (IVOX Group) (Кыргызстан) ортосунда Казакстанда өндүрүлгөн коммерциялык жана атайын техниканы Кыргыз Республикасынын рыногунда илгерилетүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
- GT OilService компаниясы (Казакстан) менен “Tan Auto” ЖЧКсынын (Кыргызстан) ортосунда FerTurino мотор майын Кыргыз Республикасынын рыногунда илгерилетүү боюнча кызматташтык жөнүндө меморандум.