Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. 30-31-октябрда "Тайган" автомотоспорттук комплексинде дрифт боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты — Kyrgyz Drift Cup мелдешинин финалдык этабы өттү.
Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 30 пилот катышты.
Мелдеш Havoline Drift Series 2026 сезонун жыйынтыктап, жаңы автодромдун техникалык ачылышына арналды.
Эки күндүк иш-чарада көрүүчүлөр үчүн дрифт-такси, Legal Car Show унаалар көргөзмөсү, концерттик программа жана фудкорт уюштурулду.