Ярыгин кубогу: Кыргызстандык балбан кыздар эки медаль утту

Спорт Загрузка... 02 Февраль 2026 11:35
626694358_912918051081413_5317794436411929431_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан кыздар Дилназ Сазанова менен Нурзат Нуртаева Иван Ярыгин кубогунда ийгилик жаратты.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнир 29-январдан 1-февралга чейин Россиянын Красноярск шаарында өттү.

Алсак, 62 кг чейинки салмак категориясында Дилназ Сазанова күмүш медалга татыды. Финалга чейинки жолунда ал бир катар ишенимдүү беттештерди өткөрүп, кыргызстандык Акылай Чыныбаеваны, россиялык Анастасия Сидельникова менен Екатерина Олейникованы жеңди.

Алтын медаль үчүн таймашта Сазанова түндүк кореялык Ок Жу Ким менен күч сынашып, 2:12 эсебинде утулду. Турнирдин жыйынтыгында Дилназ Сазанова экинчи орунду ээледи.

Кыргызстан курама командасынын байге куржунун Нурзат Нуртаева да толуктады. Ал 72 кг салмак категориясында үчүнчү орун үчүн болгон беттеште россиялык Кристина Братчикованы 6:0 эсебинде утуп, коло медаль жеңип алды.