Япониянын Токара аралдарында үч жумада 2 миңден ашык зилзала болду

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2025 16:10
WhatsApp Image 2025-07-14 at 12.20.49.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Япониянын Токара аралдарында үч жумада 2 миңден ашык зилзала болду. Бул тууралуу Коммерсант гезити Япониянын Улуттук метеорологиялык башкармалыгынын маалыматына таянып жазды.

Анда белгиленгендей, жер титирөөнүн күчү айрым учурларда 5 баллдан ашкан.

Акусэкидзима жана Кодакарадзима аралдарында 21-июлда сейсмикалык активдүүлүк байкалган. Мындай көрүнүш 2021 жана 2023-жылдары катталган. Бирок анда жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү аз болчу.

Жердин силкинүүсүнөн улам жабыр тарткандар жана кыйроолор боюнча азырынча маалымат айтыла элек. Сейсмологдордун айтымында, литосфералык плиталар жайгашкан аймакта жер титирөөлөр активдүү катталган.

Бүгүнкү күндө Токара аралдарында 650дөй адам жашайт. Алар коопсуз жайга эвакуацияланды.