Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Япониялык илимпоздор тобу стоматология тармагына төңкөрүш алып келиши мүмкүн болгон ачылыш жасашты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, алар адамдын жоголгон тиштерин табигый жол менен кайра өстүрүүгө жардам бере турган дарылоо ыкмасын иштеп чыгууда.
Бул ыкма Китано ооруканасынын Медициналык изилдөө институтунун доктору Кацу Такахасинин жетекчилиги астында иштелүүдө. Дарылоонун негизи — адамдын организминдеги USAG-1 аттуу белокту бөгөттөө. Бул белок адатта жаңы тиштердин өсүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок ал бөгөттөлгөн учурда, “үчүнчү тиш уруктары” деп аталган мурда активдүү эмес клеткалар жанданып, жаңы тиштер өсө баштайт.
Бул ыкма алгач чычкандарда сыналгандан кийин жакшы жыйынтык берген. Изилдөөчүлөр бул багытта акулалар жана пилдер сыяктуу тиштерин бир нече жолу кайра чыгара ала турган жаныбарлардан шыктанганын белгилешет.
Окумуштуулар 2030-жылга чейин бул дарылоону рынокко чыгарып, адамдарга жеткирүүнү көздөп жатышат. Дарылоо карылык, жаракат же тукум куума себептерден улам тиштеринен айрылган адамдар үчүн имплант же протездерге болгон муктаждыкты азайтып, регенерация жаатындагы көп жылдык изилдөөлөрдү реалдуулукка айландырмакчы.