Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Японияга 2026-жылдын июль айында 3,44 млн чет элдик турист барды. Бул тууралуу Kyodo агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч ушул ай үчүн рекорддук көрсөткүч болуп калды.
Япониянын Улуттук туристтик уюмунун маалыматына ылайык, туристтердин саны былтыркы июль айына салыштырмалуу 0,1% өскөн. Туристтик агымдын жогору болушуна Түндүк жарым шардагы жайкы эс алуу мезгили таасир эткен.
Июль айында Японияга эң көп турист Түштүк Кореядан келген. Өлкөгө дээрлик 900 миң түштүк кореялык жаран барып, бул июнь айындагы көрсөткүчтөн 31,9% көп болгон.