Японияда “Жангми” тайфунунан улам миңдеген адамдарга коркунуч жаралды

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-06-03 at 08.51.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.05.26 /Кабар/. Япониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралынын түштүк бөлүгүн бойлой өткөн “Жангми” тайфуну өлкөнүн батыш жана чыгыш аймактарынын Тынч океан жээгин көздөй жылып баратат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 16 адам жаракат алды. Ошондой эле Кагосима жана Окинава префектураларындагы болжол менен 48 миң үй-бүлө электр жарыгысыз калды.

Япониянын авиакомпаниялары шаршемби күнү 400гө жакын ички жана эл аралык каттамды токтотту. Бул чара болжол менен 80 миң жүргүнчүгө таасир этери күтүлүүдө.

Мындан тышкары, унаа өндүрүүчү Тойота жана Сузуки компаниялары абал турукташканга чейин өндүрүш иштерин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алышты.

Япониянын Метеорология агенттиги суу ташкыны боюнча кооптуулуктун төртүнчү деңгээлдеги эскертүүнү жарыялап, кооптуу аймактардагы тургундарды тез арада эвакуацияланууга чакырды. Ошондой эле өлкөнүн түштүк-батыш, батыш жана борбордук аймактарында жер көчкү жана суу каптоо коркунучу бар экени белгиленди.