Японияда түшкөн кардын калыңдыгы 5 метрге жетти

Дүйнө Загрузка... 24 Февраль 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-02-24 at 07.00.03.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Японияда түшкөн кардын калыңдыгы 5 метрге жетти.

NHK WORLD JAPAN маалымдагандай, япониялык метеорологдор бүгүн Япон деңизинин жээгиндеги райондордо кар көп түшөрүн билдиришкен.

Ошондой эле транспорттордун кыймылында кыйынчылык жараларын, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөр болорун белгилеп, адамдарды сак болууга чакырды.

Учурда кардын калыңдыгы Сукаю районунда 5 метрге, Уонума шаарында 3,78 метрге жетти.

Алдыдагы күндөрдө Япониянын аймагында кардын жаашы уланары айтылууда.