Японияда төрөлүү азайганы байкалууда

Дүйнө Загрузка... 04 Июнь 2025 15:51
WhatsApp Image 2025-06-04 at 15.29.59.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Япониянын жашоочулары 2024-жылы кеминде 700 миң бала төрөштү. Бул тууралуу Интерфакс Kyodo агенттигинин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка караганда, 2023-жылга салыштырмалуу төрөлүү көрсөткүчү 5,7%га төмөндөгөн.

2024-жылы төрөлүү рекорддук төмөн көрсөткүчкө 1,15ке жеткен. Бул коэффициент 2023-жылы 1,2 болчу. Өлкөдө ымыркайлардын саны жана төрөлүүсү 9 жылдан бери азайып жатат.

Ошол эле маалда никеге тургандардын саны 10 миңге өскөн. 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы алардын саны 485 миңге жеткен.

Өлүмдүн көрсөткүчү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жогорку чекти көрсөтүүдө: 2024-жылы Японияда 1,6 млн адам көз жумган.

Японияда төрөлүү 1973-жылдан бери азаюуда, анда бир жылга 2,09 млн бала болчу. 2016-жылы кеминде 1 млн, 2022-жылы 800 миң бала жарык дүйнөгө келген.

Муну менен 2008-жылдан бери Япониянын калкы төрөлүүнун азайганынан улам кыскарып жатат.