Бишкек, 28. 02.25. /Кабар/. Японияда токойдогу өрттөн улам 80ден ашуун үй өрттөнүп, 3 миңдей адам эвакуацияланууда. Бул тууралуу Kyodo агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Япониянын түндүк-чыгышындагы өрт Офунато шаарынын кеминде 1200 гектар жерин каптады. Өрттүн кесепетинен шаршемби күнү бир адам каза болуп, 80ден ашуун үй күйүп кетти.
Офунатодогу мектеп жана бала бакчалар жабылды, жүздөгөн үйлөр жарыксыз калды. 3 миңден ашуун жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда.
Тилсиз жоону өчүрүү үчүн атайын унааларга кошумча тик учактар да тартылды.
Япониянын премьер-министринин кеңсесинде координациялык штаб түзүлдү.