Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Япониянын Когуро облусундагы токойдон өрт чыгып, 157 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка ылайык, токой аймагындагы өрт тууралуу маалымат жакынкы Офунато шаарынын өрт өчүрүү кызматтарына 19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын келип түшкөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн учактарды ишке киргизилип, аракеттерге карабастан, өрт жайылып, 225 гектарга жакын жерди каптаган.
Өрт өчүрүүчүлөр жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү өрттү өчүрүүнү улантууда.
Ал эми жабыркагандар жана имараттарга келтирилген зыяндын өлчөмү боюнча азырынча маалымат жок.