Японияда тайфун коркунучунан улам 60тан ашык аба каттамы токтотулду

Дүйнө 34 11 Август 2026 16:30
a4a0a375f91cc7f85868d6c242d67092e6e35eb5873c98829e8177ecbd0e.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Японияда Чан-Хом тайфунунун жакындашына байланыштуу Токионун Ханэда жана Нарита аэропортторунда 60тан ашык авиакаттам токтотулду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып БелТА агенттиги жазды.

Япониянын метеорология агенттиги өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаан, сел, дарыялардын ташкыны, жер көчкү жана катуу шамал болушу мүмкүн экенин эскертти.

Тайфун 11-августтун кечинде Хонсю аралынын түндүк-чыгыш жээгине жетип, андан соң аралды кесип өтүп, Япон деңизине багыт алат деп күтүлүүдө. Анда шамалдын ылдамдыгы саатына 108-126 чакырымга чейин жетиши мүмкүн экени айтылды.