Японияда Сакурадзима вулканы кайрадан атылды

Дүйнө Загрузка... 17 Ноябрь 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.40.48.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Япониянын Кюсю аралындагы Кагосима префектурасында жайгашкан Сакурадзима вулканы кайрадан атылды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук метеорология башкармалыгына таянып, ТАСС кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, атылуу жарылуу мүнөзүндө болуп, күл менен түтүн кратерден 4 400 метр бийиктикке чейин көтөрүлдү. Ошондой эле таштар менен лаванын бөлүктөрү 1 200 метр аралыкка чейин чачыраган. Буга чейин вулкан быйылкы жылдын август айында атылган.

Адистер вулканга жакын аймактарда гана эмес, шамалдын багытына жараша алыс жерлерде да күл түшүү коркунучу бар экенин эскертишүүдө.

Белгилей кетсек, Сакурадзима Япониянын эң активдүү жанар тоолорунун бири болуп саналат. Тоонун бийиктиги болжол менен 1 100 метрди түзөт.