Бишкек, 08.08.25 /Кабар/. Япониянын түштүгүндөгү Кирисима шаарында катуу жааган жамгырдан улам 122,4 миң ашык адамга эвакуация жарыяланды. Бул эң жогорку, бешинчи деңгээлдеги коопсуздук чарасы болуп саналат. Бул тууралуу NHK телеканалына таянып, РИА Новости билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү бийлик “жамгырдан улам өзгөчө кырдаал” жарыялап, жарандарга коопсуз жерге кетип турууну сунуштады. Кирисиманын айрым жерлеринде 12 сааттын ичинде 495 миллиметр жаан жаап, бул 1,5 айлык нормага барабар болду.
Дарыяларда суу ташып кетүү коркунучу жаралууда. Эгер адам эвакуациялык жайга жетүүгө жетишпей калса, анда көчөгө чыгууга аракет кылбашы керек. Мунун ордуна, үйдүн жогорку кабатына чыгып, эң коопсуз жайды издеп, ошол жерде калуусу зарыл деп белгиленет маалыматта.