Японияда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен бир нече адам дайынсыз жоголду

Дүйнө 12 август 2025 13:45
WhatsApp Image 2025-08-12 at 11.48.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-12 at 11.48.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-12 at 11.48.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-12 at 11.48.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.2025. /Кабар/. Япониянын түштүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир нече адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жамгыр Японияда Буддисттердин Бон фестивалы өтүп жаткан аптада күчөп, өзгөчө кырдаалды жараткан. Кюсюда Кагосима менен Хаката шаарларындагы жергиликтүү поезддер токтотулду.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, Кумамото префектурасында акыркы сутка ичинде 40 сантиметрден ашуун жамгыр жааган.

Учурда куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жатышат.