Японияда күчү 5,9 баллга жеткен зилзала болду

Дүйнө 26 февраль 2025 16:18
Японияда күчү 5,9 баллга жеткен зилзала болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Японияда күчү 5,9 баллга жеткен зилзала болду.

Интерфакс кабарлагандай, жер титирөө Хонсю аралынын түштүгүндө катталган. Жер титирөөнүн очогу Исэ шаарынан 95 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсүнүн интенсивдүүлүгү боюнча, зилзала "талкалоочу" мүнөзгө ээ деп бааланууда.