Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Японияда цунамиден эвакуациялоо учурунда бир киши каза тапты. Бул тууралуу Коммерсант гезити Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси билдиргенин жазды.
Маалыматта белгиленгендей, көз жумган адам Кумамотодон унаасы менен барата жатып жол кырсыгына кабылган.
Ошондой эле дагы жети адам эвакуацияда жаракат алган.
Япониядагы цунами кооптуулугу Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин жаралды. Учурда цунаминин коркунучу дале сакталууда. Чыгыш, түндүк-чыгыш жана түндүк региондордо толкун 1,3 метрге чейин көтөрүлдү. Азырынча цунамиден жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек.
Эске салсак, 30-июлда Камчаткада 8,7 баллга жеткен зилзала катталган. Анда имараттар жабыркап, цунаминин толкуну жакын жайгашкан райондорду каптаган.