Японияда цунамиден улам 42 миң адамды эвакуациялоо жарыяланды

Дүйнө Загрузка... 08 Июнь 2026 09:15
2e0110e3-012d-4f9e-a67c-65fb6c63994b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Бүгүн Япониянын Миэ префектурасында Филиппиндердин жээгинде болгон күчтүү жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жаралып, 42 миңден ашуун адамды эвакуациялоого буйрук берилди. Бул тууралуу Известия маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Шима шаарында 22 201 үй-бүлөгө тиешелүү 42 611 адамды коопсуз жайларга көчүрүү чечими кабыл алынган. Мындан тышкары, эвакуация тууралуу эскертүүлөр Кагосима, Айти жана Сидзуока префектураларынын айрым шаарларында да жарыяланган. Ошондой эле Наха жана Коти шаарларынын тургундарына да коопсуздук чараларын көрүү сунушталган.

Буга чейин Филиппиндердин Минданао аралынын жээгинде магнитудасы 8,1 баллга жеткен күчтүү жер титирөө катталган. Андан кийин цунами коркунучу жарыяланып, толкундардын бийиктиги кадимки деңгээлден 1 метрге чейин жогору болушу мүмкүн экени айтылган.

Кырсыктын кесепеттерин алдын алуу максатында Филиппиндерде тогуз провинциясынын жашоочуларына коопсуз аймактарга эвакуациялануу сунушталган.