Японияда аюулардын адамдарга кол салышы рекорддук деңгээлге жетти

Дүйнө Загрузка... 08 Октябрь 2025 11:18
497671601_0_227_306.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 08.10.25 /Кабар/. РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берүү менен билдиргендей, Японияда сентябрь айында аюулардын адамдарга кол салышы акыркы он жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.

Телеканалдын маалыматына ылайык, октябрдын биринчи жумасында эле аюулардын кол салуусунан 17 адам жабыркаган, алардын бири каза болгон. Шейшемби күнү кечинде Гумма префектурасында аюу супермаркетке кирип кетип, анын кесепетинен эки адам жаракат алган.

Жалпысынан сентябрь айында аюулардан 39 адам жабыркаган. Бул акыркы он жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч экени белгиленди.

Телеканалдын маалыматына ылайык, апрель айынан сентябрдын аягына чейин аюулардын кол салуусунан 109 адам жабыркап, бешөө каза болгон.

Адистер муну көптөгөн аймактарда түшүм аз болгондугу менен түшүндүрүшөт, — деп кабарлайт телеканал.