Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Япониянын 356 миң тургуну цунамиге байланыштуу эвакуацияланмай болду. Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалы маалымдаганын кабарлады.
Анда белгиленгендей, жашоочулар эвакуация боюнча көрсөтмөлөрдү Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин алышты.
Камчаткадагы зилзаладан кийин Японияда цунами боюнча алгач эскертүүлөр жарыяланып, андан соң коркунуч жаралганы айтылган. Көпчүлүк райондордо 3 метрге чейин жеткен цунами болору билдирилген.
Кырдаалдан улам Япониянын премьер-министринин канцеляриясында кризистик штаб түзүлдү. Автомагистралдардын жана темир жолдордун бир нече тилкесинде кыймыл токтотулду. Япониянын түштүк-чыгышындагы Сэндайдагы аэропорттун учуп-конуу тилкеси жабылды.