Японияда 2022-жылдан бери биринчи жолу кылмышкер өлүм жазасына тартылды

Дүйнө Загрузка... 27 Июнь 2025 16:44
WhatsApp Image 2025-06-27 at 16.53.54.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Японияда 2022-жылдан бери биринчи жолу кылмышкер өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Известия NHK телеканалы кабарлаганын жазды.

Анда белгиленгендей, өлүм жазасына 9 адамды өлтүргөн кылмышкер тартылды. Тергөө маалыматтары боюнча, ал өлтүргөн кишилерин үйүнө алдап алып барчу. Ошондой эле кылмышкер уурулук жана зордуктоого шектелип да соттолду.

Өлүм жазасы юстиция министри тарабынан аткарууга кол коюлган биринчи жазалоо чарасы болуп калды.

The Guardian гезити маалымдагандай, дүйнөдө жүзү боюнча былтыр 1518 адам өлүм жазасына тартылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32% га көп.