Бишкек 15.07.25 /Кабар/. Япониялык окумуштуулар маалыматты 1 секундда 1 миллион гигабайт кылып жөнөтө алуу менен дүйнөлүк рекорд коюшту. Бул тууралуу Лента.ру билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, бул ылдамдык менен 10 миңден ашуун 4K форматындагы (өтө жогорку сапаттагы) фильмди же 20 миң чоң оюнду бир секундда жүктөөгө болот.
Сыноо учурунда маалымат 1808 чакырым алыстыкка чейин жиберилген. Бул үчүн окумуштуулар ичинде 19 өзүнчө маалымат каналы бар атайын оптикалык кабель колдонушкан. Бул кабель кадимкисинен жука болгону менен, өтө чоң көлөмдөгү маалыматты кыска убакытта алып өтө алган.
Изилдөөчүлөр бул жаңы кабелди азыркы байланыш тармактарына көп өзгөртүү кылбастан эле киргизсе болорун айтышууда. Бул 6G, жасалма интеллект ж.б. сыяктуу келечектеги технологиялар үчүн чоң кадам болуп саналат. Ошондой эле алар келечекте интернет алда канча тездеп, чоң көлөмдөгү маалыматтарды жеңил өткөрүүгө мүмкүн боло тургандыгын белгилешет.