Бишкек 03.07.25 /Кабар/. Япония өкмөтү Нанкай ойдуңунда күчтүү жер титирөө болуу ыктымалдыгы жогорулаганын билдирип, 30 префектурадагы 723 муниципалитетке эскертүү жөнөткөнүн Asahi гезитине таянып Коммерсант агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, мындай зилзала алдыдагы 30 жылдын аралыгында болушу мүмкүн. Анын ыктымалдуулугу 80%ды түзөт. Күчү 6 баллдан жогору болуп, 3 метрден ашкан цунамилер жаралып, Ибаракедөн тартып Окинавага чейинки аймактар жабыркашы мүмкүн.
Мындай табигый кырсыктын жалпы чыгымы 1,81 триллион долларга жетиши мүмкүн деп белгиленет.
Аталган өлкөдө жаратылыш кырсыктарына каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер планы 2014-жылы кабыл алынган. Ал эми Нанкай ойдуңундагы табигый апаат боюнча алгачкы илимий божомолдор 2012–2013-жылдары жасалган.