Быйылкы кышта Японияга кар калың түштү. Дүйнө жүзү аталган өлкөнүн аба ырайы тууралуу жаңылыктарына көз салууда. Ал арада Япониянын Хоккайдо аралындагы укмуштуудай кар кереметтери жаралып, калың кар аркылуу дүйнөлүк бренд жаралууда. Ызгаар кыш аркылуу туризмди жарналамалап жаткан япониялыктар тууралуу аталган өлкөдө билим алып жүргөн кыргызстандык Айдар Акбашев “Кабар” маалымат агенттигине айтып берди.

Айдар япон өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган туризм боюнча билим берүү программасынын алкагында эки жумадан бери Япониянын түндүк аймагында жүрөт. Анын айтымында, аймакка мүнөздүү болгон катуу кардын жаашы жергиликтүү тургундардын жашоосуна тоскоол болбостон, тескерисинче туристтерди өзүнө тарткан башкы өзгөчөлүгү болуп саналат.

“Хоккайдо аралына чынында калың кар жаайт, бирок бул аймак үчүн бул кадимкидей эле көрүнүш. Аралды дүйнө жүзү дал ушундай аба ырайы үчүн баалашат. Бул жерде планетанын эң мыкты тоо лыжа курорттору жайгашкан. Өзгөчө кырдаал жок, адамдар кадимкидей эле жашап, иштеп келишет”, - дейт Айдар.

Ошондой эле февраль айынын башкы окуясы катары Хоккайдодо салттуу түрдө жылына Кар фестивалы өтөт. Мекендешибиздин пикиринде, бул убакта ири шаарлар ачык асман алдындагы галереяларга айланат. Япон чеберлери муз менен кардан аниме, Дисней тасмаларынын каармандарынан тартып, ири архитектуралык объектилерге чейин укмуштуудай кооздукту жаратышат.

Акбашев Саппоро шаары туристтерди өзүнө тарткан борборго айлангандыгын белгиледи. Анткени, ал жерде бийиктиги болжол менен 10-15 метрди түзгөн кардан жасалган нукура япон имараты тургузулган. Мекендешибиз Япониянын кыш мезгилинде туристтерди тартуу тажрыйбасы бизге пайдалуу болушу мүмкүн экендигин айтат.

"Кар фестивалы - бул эс алып, үй-бүлө менен убакыт өткөрүүнүн эң сонун жолу гана эмес, туризмди өнүктүрүүнүн негизги куралы. Мында Япониянын башка чакан шаарларынан келген ички туристтер, фестивалга катышуу менен лыжа тебүүнү айкалыштырган чет элдик коноктор болуп миңдеген адамдар чогулушат”, - деп белгиледи ал.

Жаратылыш байлыктарын жана маданий өзгөчөлүктөрдү мындай жол менен колдонуу Японияга жылдын эң суук айларында да туристтердин кызыгуусун арттырат. Япониянын бул аралы менен биздин Ысык-Көл, Нарын сыяктуу тоолуу аймактарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн салыштырган Айдар Акбашев Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүгө жардам бере турган негизги учурларды белгиледи.

"Япония суук аба ырайы менен кар тоскоолдук жаратпай тургандыгын, тескерисинче, баалуу ресурс экенин далилдөөдө. Уникалдуу кар баскан тоолору бар Кыргызстан үчүн жолдорду гана эмес, туристтерди өзүнө тарткан ушундай маданий иш-чараларды өнүктүрүү да маанилүү. Мисалы, Караколдо же Нарында муз айкелдеринин ири фестивалдары өтсө, Борбор Азиядан келген туристтерди өзүнө тартып, эс алуучулардын саны артмак”, - деди мекендеш.