Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Япониянын өкмөтү 2040-жылга чейин өлкөнүн ички дүң продукциясын 1100 триллион иенге, же болжол менен 6,9 триллион долларга жеткирүүнү көздөп жатат.
Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити экономикалык жана фискалдык саясат боюнча кеңештин жыйынында билдиргенин «Интерфакс» кабарлайт.
Өкмөттүн планына ылайык, жыл сайын жеке инвестициялардын көлөмү 230 триллион иенге чейин көбөйтүлүп, мамлекеттик карыздын ИДПга карата үлүшү акырындык менен кыскартылат.
Белгилей кетсек, 2025–2026-финансылык жылдын жыйынтыгында Япониянын ИДПсы 670 триллион иенди түзгөн. Өкмөт алдыдагы 14 жыл ичинде экономиканын көлөмүн 60 пайыздан ашык көбөйтүүнү максат кылууда. Ошондой эле реалдуу экономикалык өсүштү жылына 1 пайыздан жогору, ал эми номиналдык өсүштү 3 пайыз деңгээлинде камсыздоону көздөйт.
Жаңы экономикалык саясаттын долбоору июль айынын ортосунда бекитилиши күтүлүүдө.