Январда Кытайда жеңил унаалардын өндүрүш көлөмү жогорулады — Кабар

Январда Кытайда жеңил унаалардын өндүрүш көлөмү жогорулады

Дүйнө 12 февраль 2025 11:56
Январда Кытайда жеңил унаалардын өндүрүш көлөмү жогорулады
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Январь айында Кытайда жеңил унаалардын өндүрүш көлөмү жогорулады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Кытайдын жеңил унаалар ассоциациясынын маалыматына таянуу менен кабарлады.

Анда белгиленгендей, январда Кытайда 2,11 млн даана унаа чыгарылган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга көп.

Акыркы жылдары дүйнөлүк рынокто кытайлык автоунаа өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү тездик менен өсүүдө. 2024-жылдын декабрында Кытайда автоунаа сатуу 41%ды түзгөн. Жеңил унаа рыногу февраль айында да туруктуу темп менен өсө берет деп айтылууда.

Кытайдын жеңил унаалар ассоциациясынын божомолуна караганда, 2025-жылы ички рынокко унаа сатуу 2 %га өсүп, бул 23,4 млн даанага унаага жетет. Ал эми электромобилдерди сатуу 20%га чейин жогорулайт, бул болжол менен 13,3 млн даанага унааны түзөт.