Якуттардын хапсагай күрөшү көчмөндөр оюндарынын программасына кирди

Спорт Загрузка... 23 Март 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-03-23 at 12.45.45.jpeg
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Саха Республикасынын (Якутия) хапсагай улуттук күрөшү алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу ДКОнун эл аралык катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ДКОнун эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков Саха Республикасынын дене тарбия жана спорт министри Леонид Спиридонов менен жолугуп, тараптар спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу маданият багытындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Кыргыз тарап өнөктөштөрдү хапсагай улуттук күрөшүнүн VI Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилиши менен куттуктады. Ошондой эле мас-рестлинг 2016, 2018 жана 2022-жылдары оюндардын программасына киргендиги жана 2026-жылы кайрадан киргизилгени белгиленди.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Оюндардын спорттук программасына 43 улуттук спорт түрү киргизилген.