Бишкек, 4.09.25 /Кабар/. Якутиядагы 13 токой өртү дээрлик 15,9 миң гектардан ашуун аянтты каптады. Бул тууралуу аталган аймактын Экология министрлигине таянып, ТАСС агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт Верхоянск, Кобяй, Жиганск, Мирнинск, Олекминск, Оленек, Усть-Алдан, Среднеколым жана Томпон райондорунда катталган. Верхоянск районундагы 395 гектар жердеги өрттүн жайылышы токтотулуп, бирок толугу менен өчүрүлө элек.
Өрттү өчүрүүгө 294 кызматкер тартылды. Ошондой эле абадан көзөмөлдөө үчүн 11 учак, түздөн-түз өрттү өчүрүүгө 2 учак пайдаланылары кабарланды.
Якутия – өлкөдөгү өрт коркунучу жогору аймактардын бири болуп саналат. Токойлору жалпы 256,1 миллион гектарды түзөт, бул республиканын 83,4%ын ээлейт. 1-майдан тарта расмий түрдө өрт коркунучу сезону жарыяланып, өрткө каршы өзгөчө режим киргизилген.