Якутияда токойдон чыккан өрт өчүрүлдү

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 15:23
WhatsApp Image 2025-06-03 at 12.47.46.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Якутияда токойдон чыккан өрт өчүрүлдү. Эми калктуу пункттарга коркунуч жаралбайт. Бул тууралуу Известия билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өткөн суткада Верхоянск, Момск жана Усть-Майсктын аймагында төрт жерден өрт тутанган. Тилсиз жоо жалпы 2677 гектарды каптаган.

Өрттү өчүрүүгө 161 адам жана 13 техника тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн координациялык ишинин натыйжасында токойдон чыккан өрт өчүрүлдү.