Бишкек 16.07.25 /Кабар/. Якутиянын Оймякон районунда жааган катуу жаан-чачындан кийин дарыяларда суунун деңгээли кескин жогорулап, айылдарды суу каптады. Бул тууралуу республиканын ӨКМү кабарлаганын ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Индигирка, Куйдусун жана Нера дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп, Орто-Балаган, Куйдусун, Оймякон жана Усть-Нера айылдарында 63 турак жай суу алдында калган. Аталган жерлерде жалпысынан 236 адам, анын ичинде 46 бала жашайт.
Кырдаалга байланыштуу ӨКМ эвакуацияга даяр турат.
Мындан тышкары, суу ташкынан улам жолдор да жабыркаган. Суунун деңгээли түшкөндөн кийин калыбына келтирүү иштери башталат