Wildberries жакында батирлерди сата баштайт

Дүйнө 17 июнь 2025 19:00
Wildberries жакында батирлерди сата баштайт

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 17.06.25 /Кабар/. Wildberries маркетплейси жакын арада кыймылсыз мүлктөрдү сата баштайт. Бул тууралуу Wildberries & Russ (РВБ) компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы Татьяна Ким билдиргенин, ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, компания маркетплейстеги товарлардын түрүн көбөйтүп, жаңы кызмат түрлөрүн жана жеткирүү жолдорун киргизүүдө.

"Учурда эки ири долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жакынкы арада үйлөрдү, батирлерди сатууну пландап жатабыз", - деген негиздөөчү.

Компания 2024-жылы автоунааларды сатууну баштаса, быйыл дача үйлөрүн, мончолорду сатууну жолго койгон.