Бишкек, 13.07.26 /Кабар/. Volkswagen компаниясынын Польшадагы өндүрүш ишканасы күн электр станциясынын аймагындагы чөптөрдү чабуу үчүн 100 баш койду коё берди. Бул тууралуу Казинформ маалымдады.
Вжесня шаарындагы күн электр станциясында жайылып жүргөн великополь породасындагы койлор күн панелдеринин алдындагы чөптөрдү жана отоо чөптөрдү жеп, кадимки газон чапкычтарды алмаштырды. Бул долбоор Польшадагы агровольтаиканын ийгиликтүү мисалдарынын бири болуп, ошол эле учурда илимий изилдөөлөр үчүн да колдонулууда.
Ишкананын директору Маржена Пиллич-Гроньсканын айтымында, күн электр станциясы азыр электр энергиясын гана өндүрбөстөн, биологиялык ар түрдүүлүктү, жергиликтүү айыл чарбасын жана илимди колдогон аянтчага айланды. Аталган күн электр станциясы Европадагы эң ири заводдук күн энергетикалык объектилеринин бири болуп саналат.
Жалпы аянты 27 гектарды түзгөн станцияда 31 миңден ашуун күн панели орнотулган. Алардын жалпы кубаттуулугу 18,3 мегаватт болуп, заводдун электр энергиясына болгон муктаждыгынын олуттуу бөлүгүн камсыздайт.
Мындай чоң аймакты күтүп кармоо үчүн өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз тазалоо зарыл. Компания оор техниканын ордуна койлорду коё берүүнү туура көргөн. Бул ыкма Батыш Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири колдонулат. Койлор чөптөрдү натыйжалуу жеп, күн панелдерине зыян келтирбейт жана техниканы колдонуу зарылдыгын азайтат.
Койлордун ээси Юстина Новак-Гайектин айтымында, жаныбарлар чакан топторго бөлүнүп, күн электр станциясынын ар кайсы жерлеринде тынч жайылып жүрүшөт. Буга чейин Volkswagen Европада электр унааларын сатуу боюнча Tesla компаниясын артта калтырып, рыноктун лидери болгону кабарланган.