Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Германиянын Volkswagen компаниясы жакынкы күндөрү Golf жана Tiguan автоунааларын чыгарууну убактылуу токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, мунун себеби — унаа чыгаруу үчүн керектүү чиптердин тартыштыгы.
Бул абал Нидерланд өкмөтүнүн кытайлык Wingtech концернине караштуу Nexperia аттуу чип өндүрүүчү компаниянын ишине кийлигишүүсүнөн башталган. Мындай кадамдан кийин Кытай өз тарабынан жарым өткөргүчтөрдүн экспортун чектеп койгон.
Учурда Volkswagen компаниясында өндүрүштү ушул жумада улантууга жетиштүү материал бар, бирок жеткирүүлөр токтосо, Вольфсбургдагы заводдо Golf жана Tiguan унааларын чыгаруусу токтотулат.