Владивостокто таң эрте 13 унаа жол кырсыгына кабылды

Дүйнө 1198 17 Февраль 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-02-17 at 06.30.24.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Россиянын Владивосток шаарында таң эрте 13 унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, Владивостоктун трассасында катталган жол кырсыгында 13 унаа жабыркады. Кырсыктар жолдун бир нече тилкелеринде болгону айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир кырсыкка 9 унаа катышып, бир адам ооруканага жаткырылган.

Жол унаа кыймылы үчүн жабылган эмес.