Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районундагы балдар искусство мектеби жаш муунга музыкалык билим берип, таланттуу окуучуларды тарбиялап келет. Бул тууралуу мектептин жетекчиси Владимир Гуцалов маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мектепке өткөн жылы 600 миң сом бөлүнүп, музыкалык аспаптар сатылып алынган. Жакында эстрадалык ансамбль үчүн да керектүү жабдуулар берилген.
Ошол эле учурда мектептин имаратын кеңейтүү жана материалдык-техникалык базасын жаңылоо зарылдыгы бар. Жетекчинин белгилешинче, колдонулуп жаткан музыкалык аспаптардын айрымдары эскилиги жеткен.
“Шарттарга карабастан, биз ишибизди улантып жатабыз. Окуучуларыбыздын арасында Алматы, Москва, Краснодар жана Санкт-Петербург шаарларында билим алып жаткандар бар. Бул биздин эмгегибиздин жыйынтыгы деп эсептейм”, — деди ал.
Ошондой эле Владимир Гуцалов акыркы жылдары мугалимдердин эмгек акысы жогорулаганын белгилеп, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мындан ары да маданий билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртууга көңүл буруларын каалай турганын кошумчалады.