Өлкөнү дүйнөгө таанытууда маданияттын орду чоң – Азат Раимбердиев

Маданият
Өлкөнү дүйнөгө таанытууда маданияттын орду чоң – Азат Раимбердиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бүгүнкү маданият кызматкерлеринин сыйлоо аземинде ырчы Азат Раимбердиев “Маданият мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул сыйлык үчүн ырчы Маданият министрлигине ыраазычылыгин билдирип, маданият тармагы тармагы мындан дагы көбүрөөк колдоого муктаж экендигин белгиледи.

“Кээде өлкөдө спортко көбүрөөк басым жасалып жаткандай сезилет. Бирок маданият дагы спорт менен тең турат. Анткени маданият — элибиздин жүзү, улуттун өзөгү. Бизде көптөгөн өнөр адамдары бар. Алардын чыгармачылыгы аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга болот”, — деди ал.

Ошондой эле ырчы “Интервидение” эл аралык сынагында Кыргызстандын өкүлдөрү ийгиликке жетишип, экинчи орунду ээлеши өлкөнүн маданий мүмкүнчүлүгүн көрсөткөнүн белгиледи.

“Бул — Кыргызстандын чет өлкөлөргө таанылышына чоң мүмкүнчүлүк. Ушундай эл аралык сынактар аркылуу биздин таланттарыбызды, маданиятыбызды дүйнөгө көрсөтө алабыз. Ошондуктан маданиятка өзгөчө көңүл буруу керек”, — деди Азат Раимбердиев.