Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Ардак грамота — чыгармачылыгыма жаңы дем. Бул тууралуу маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу учурунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ырчысы, “Жамиля” мюзиклинин башкы каарманы жараткан солист Айзада Муканбетова “Кабар” агенттигине билдирди.
Ырчы сыйлыкты чыгармачылык жолундагы эмгегине берилген баа катары кабыл алып, мындан ары да маданият тармагына салым кошууга дем берерин айтат.
“Бул сыйлык мен үчүн чоң кубаныч. Аны жөн жерден алган жокмун деп ойлойм. Ушул убакка чейин аз да болсо өз салымымды кошуп келе жатам. Ардак грамота чыгармачылык жолумдагы чек эмес, жаңы башталыш болсун деп тилейм. Мындан ары да татыктуу эмгектерди жаратууга аракет кылам”, — деди ырчы.
Ал маданият тармагында 4 жылдан бери эмгектенип келерин айтты. Алгач Кыргыз улуттук опера жана балет театрында иштеп, кийин Филармонияга келген.
Айзада Муканбетова кесиптештерин Маданият күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди жана дем-күч каалады.