Визасыз жана билетсиз калган зыяратчылар: ТИМ компанияга чара көрөт

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Умрага барууну көздөгөн Кыргызстандын 140ка жакын жараны виза жана авиабилет маселесинен улам бир нече күндөн бери Ташкентте калып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Маселени депутат Бурул Аманова айтып, жарандар беш күндөн бери Ташкенттин аэропортунда жана мейманканасында жатканын билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун айтымында, элчилик кызматкерлери жарандар менен жолугуп, абалдан кабар алган. Алгач Ташкентте 140ка жакын адам болсо, эртең менен дагы 23 жаран кошулган. Анын ичинен 103 адамды жакынкы каттам менен жөнөтүү үчүн тизме даярдалып жаткан. Бирок жарандардын визасы жана авиабилети азырынча жок, буга чейинки каттамдын акысы да чечиле элек.

Элчилик Ташкентте калган жарандарды ысык тамак менен камсыздап, документтери жана билеттери даяр болгондон кийин аэропортко жеткирүүгө даяр экенин билдирген.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сапарды уюштурган "Нур-Умра Трэвел" компаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу маселесин көтөрдү.

"Умра сапарын уюштурган туристтик компаниялардын ишин катуу көзөмөлгө алуу зарыл. "Нур-Умра Трэвел" компаниясы жарандарды визасыз жана билетсиз Ташкентке жөнөтүп, аларды адаштырган", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик тиешелүү органдарга компанияга чара көрүү, анын ичинде лицензиясын жокко чыгаруу боюнча каттарды жөнөткөн. Кулубаев мындай сапарларды уюштурууга уруксат алган уюмдардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү керектигин кошумчалады.