Жаңы инвестициялык долбоор: Нарында өнөр жай паркын түзүү сунушталды — Кабар

Жаңы инвестициялык долбоор: Нарында өнөр жай паркын түзүү сунушталды

Аймак 1 сентябрь 2026 15:35
1.jpg
791296389_18117712286476120_1013928058952489210_n.jpg
790195351_18117712337476120_5844270556186524965_n.jpg
790591463_18117712292476120_651663796376185215_n.jpg
790476430_18117712328476120_4478812217669468830_n.jpg
790476433_18117712310476120_1773650956715428398_n.jpg
791672627_18117712301476120_3000687893251524023_n.jpg
791942896_18117712319476120_864275035779134176_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Алтынбек Рысбеков Чэнду шаарынын Борбор Азия менен экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Дэн Бо жана "СтарОушен" компаниясынын директору Чжоу Жун менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Нарын облусунда энергияны көп керектеген, көмүртек бөлүп чыгаруусу төмөн өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын түзүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Өзүнчө долбоорду электр энергиясы менен камсыздоо маселеси каралды. Инвестор электр берүүчү линияларды, көмөк чордондорду жана технологиялык кошулуу үчүн зарыл болгон башка объектилерди өз каражатынын эсебинен курууну пландап жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун энергетикалык бөлүгүн техникалык жана укуктук жактан иштеп чыгуу боюнча өз ара кызматташтыкты уюштуруу тууралуу макулдашылды.