Вьетнамда кырсыкка учураган катердеги 34 адам каза тапты

Дүйнө 22 Июль 2025 12:05
WhatsApp Image 2025-07-22 at 11.23.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 11.23.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-22 at 11.23.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 11.23.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Вьетнамда туристтик катер кырсыкка учурап, кеминде 34 адам каза тапты.

Интерфакс маалымдагандай, буга чейин 18 адам көз жумганы кабарланган.

Бортто баш-аягы 48 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Тез жардам кызматтары 11 адамды суудан алып чыккан.

Дагы 15 киши дайынсыз болууда. Туристтер кайсы өлкөлөрдөн келгендиги жөнүндө маалымат айтылган жок.

Кырсык экскурсиялык сейилдөө учурунда болуп, анда катер катуу шамалдан улам оодарылып кеткен.