Венгриядагы байыркы китепкана жүз миңдеген китепти зыянкеч курттардан тазалоодо

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2025 16:25
WhatsApp Image 2025-07-14 at 12.35.08.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 14.07.25 /Кабар/. Венгер монастырынын орто кылымдарга таандык Паннехалма китепканасы жүз миңдеген уникалдуу жана байыркы китептерди зыянкеч курттардан сактап калуу чараларын көрүүдө. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, китепкана кызматкерлери 100 миңдей китепти текчелерден алып, атайын кычкылтек кирбеген желим каптарга салышууда (дезинфекция). Алты жуманын ичинде баштыктын ичиндеги курттар өлүшү керек. Андан кийин ар бир китеп өзүнчө каралып, чаң соргуч менен тазаланып чыгат. Ошондой эле зыян келтирилген китептер реставрацияланат.

Китепканадагы зыянкечтер катардагы тазалоо учурунда байкалган. Алгач китеп тышынан, кийин китепкананын бардык бөлүктөрүнөн табылып, бүт коллекция кооптуу деп жарыяланган.

Адатта бул курт - буудай, ун сыяктуу азыктарды талкалайт. Музейлерде жана байыркы китепканаларда да көп кездешет. Аларды китептердеги желатин жана крахмал кошулмалары өзүнө тартат.

Адистердин божомолунда китеп куртунун көбөйүп кетишине климаттын өзгөрүшү себеп болушу мүмкүн. Абанын температурасы жогорулап жаткандыктан, улам кайталанган көбөйүү цикли алардын бат көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Паннехалма монастырынын китепканасы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет жана анын тарыхы 996-жылга барып такалат. Ал бир нече согуштарды, Осмон империясынын баскынчылыгын жана Венгриянын XVI кылымдагы оккупациясын башынан өткөргөн. Бүгүнкү күндө бул жерде 400 миңге жакын китеп сакталат. Алардын арасында XIII кылымга таандык Библия жана башка баалуу кол жазмалар бар.