Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Венгриянын түндүгүндө, Гальгахевиз шаарына жакын жерден тереңдиги 2,4 миң метр жаңы мунай кени табылды. Аталган жерден күнүнө болжол менен миң баррелдей мунай өндүрүүгө болот. Бул тууралуу MOL мунай-газ компаниясынын маалыматына таянып, Известия агенттиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, кен MOL жана O&GD компаниялары тарабынан табылган. Гальгахевиз-4 скважинасы күнүнө болжол менен миң баррелдей чийки мунай өндүрө алат. Анын жалпы көлөмү эки ишкананын ортосунда 51–49%үлүш менен бөлүштүрүлөт жана ал Сазхаломбат шаарындагы Дунай мунай иштетүү заводунда кайра иштетилет.
Жаңы кен Венгрияга өз мунайын өндүрүүгө жардам берип, сырттан мунай алууга аз муктаж кылат деп айтылат маалыматта.