Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Венгрия Евробиримдиктин Украинага 20 млрд евро жардамын бөгөттөйт. Бул тууралуу Politico гезити жазды.
Маалыматка караганда, Будапешт Евробиримдиктин коргонуусун кеңейтүүнү колдойт, бирок Украинага жардам берүү пакетине каршы болууда.
Politico билдиргендей, европалык дипломатиянын башчысы Кая Каллас Киевге жаңы жардам бөлүүнү жактаганы менен Венгрия ага вето койгон. Буга Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо да ачык эле каршы чыкты. "Бирок дипломаттар башка борборлор, анын ичинде Париж дагы каржылоо пакетинин жай жүрүп жатканын көрүп кубанып жатканын айтышууда", - деп белгилейт гезит.
Сөз болуп жаткан талкуу 28-февралда АКШнын Ак үйүндө Владимир Зеленский менен Дональд Трамптын ортосундагы сүйлөшүүгө чейин болгон.
Politico ошондой эле Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевди колдоонун альтернативдүү жолдорун сунуштайт деп жазууда. Анда варианттардын бири катары Евробиримдиктин бардык жаңы коргонуу насыяларынын 20%ын Украинага жардам берүү үчүн бөлүү керектиги каралашы мүмкүн.