Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Венесуэладагы жер титирөөлөрдөн эң көп жабыркаган Ла-Гуайра штатында дээрлик бардык мамлекеттик кызматкерлер каза болду. Бул тууралуу өлкө президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Делси Родригес маалымат жыйынында билдиргенин ТАСС жазды.
Родригестин айтымында, кырсыктын кесепетинен штаттагы бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери каза болгон.
Ал белгилегендей, жер титирөөдөн өлкөдө 855тен ашуун имарат жабыркап, алардын 127си толугу менен урап калган. Ошондой эле негизги жер титирөөдөн кийин 800дөн ашуун афтершок болгон.
Эске сала кетсек, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ири жер титирөө катталган. Алардын борбору Яракуй штатында, бири-биринен 10 чакырым аралыкта жайгашкан.
Акыркы маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктан 2 миң 295 адам каза болгон.