Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Венесуэлада болгон катуу жер титирөөлөрдөн улам каза болгондорду эскерүү максатында өлкө боюнча жети күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу ТАСС билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, өлкө президентинин өкүлү Делси Родригес бул чечим 1-июль күнү кечки саат 18:00дөн тартып күчүнө киргенин билдирди.
Анын айтымында, өкмөт каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга жана дайынсыз болуп жаткандарга колдоо көрсөтүүнү улантат.
Белгилей кетсек, Венесуэлада эки күн катары менен болгон 7,2 жана 7,5 баллдык жер титирөөлөрдөн 2 миңден ашуун адам каза болуп, 10 571 адам жаракат алган.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Бийлик каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.