Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 4 930 адамга жетти. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Өкмөттүн күнүмдүк маалыматына ылайык, кырсыктан 16 740 адам жаракат алып, 17 907 тургун турак жайсыз калган. Жалпысынан 190 имарат толугу менен кыйрап, дагы 856 имарат олуттуу зыянга учураган.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 6 462 адам аман-эсен куткарылды. Медициналык мекемелерде 35 781 адам дарылануудан өттү. Жалпы 128 324 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлүп, 21 210 адам 107 убактылуу жайгаштыруу лагерине жайгаштырылды. Жабыркагандарга 10 063 тонна азык-түлүк жеткирилген.
Эске салсак, Венесуэладагы жер титирөө 24-июнь күнү кечинде катталган. Болгону 40 секунд аралыкта күчү 7,2 жана 7,5 баллдык эки жер титирөө болгон. Алардын очоктору Яракуй штатында бири-биринен 10 чакырым аралыкта жайгашкан. Андан кийин жалпы 1 308 афтершок катталган.