Бишкек, 29.06.26 /Кабар/. 24-июнда Венесуэлада болгон эки жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 1450 адамга жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып, Казинформ билдирди.
Куткаруучулардын маалыматына ылайык, урандылардын алдынан тирүү адамдарды табуу мүмкүнчүлүгү күн өткөн сайын азаюуда.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын алдын ала эсеби боюнча, жер титирөөдөн улам келип чыккан материалдык чыгым 6,7 миллиард доллар деп бааланууда.
Мындан тышкары, дайынсыз жоголгондордун саны 68 миң адамга жеткен.
Белгилей кетсек, Венесуэлада 24-июнь күнү кечинде 7,2 жана 25-июнь күнү эртең менен 7,5 баллдык катуу жер титирөөлөр катталып, көптөгөн турак жайлар жана имараттар кыйраган.
Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, эң көп жабыркаган Ла-Гуайра штаты аскерлердин көзөмөлүнө алынды. Учурда Венесуэлага эл аралык уюмдардан жана бир катар мамлекеттерден гуманитардык жардамдар көрсөтүлүүдө.